"Нарын" ресторанынын ордуна курула турган объектиге Садыр Жапаров капсула салды

Долбоордун катышуучулары болуп эл аралык компаниялар эсептелет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган көп тармактуу заманбап комплекстин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган көп тармактуу заманбап комплекстин курулушуна капсула салды

2 / 6

Эске салсак, ал жерде мурда белгилүү "Нарын" рестораны турган

3 / 6

Көп тармактуу комплекстин долбоору эл аралык стандарттарга жооп берген 296 номери бар заманбап беш жылдыздуу мейманкананы камтыйт

4 / 6

Ошондой эле 444 батирлүү турак жайлардын, соода аянттарынын жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы унаа токтотуучу жайлардын салынышы ойлонуштурулган

5 / 6

Долбоордун баасы 321 миллион долларды түзөт.

6 / 6

Долбоордун катышуучулары болуп эл аралык компаниялар – ТОО Feb group филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана Gurgoli (Түркия) курулуш компаниясы эсептелет.

Эске салсак, ал жерде мурда белгилүү "Нарын" рестораны турган.
"Көп тармактуу комплекстин долбоору эл аралык стандарттарга жооп берген 296 номери бар заманбап беш жылдыздуу мейманкананы камтыйт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 444 батирлүү турак жайлардын, соода аянттарынын жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы унаа токтотуучу жайлардын салынышы ойлонуштурулган. Долбоордун баасы 321 миллион долларды түзөт.
Долбоордун катышуучулары болуп эл аралык компаниялар – ТОО Feb group филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана Gurgoli (Түркия) курулуш компаниясы эсептелет.
Ишкерлер каржылап, ӨКМ курат. Сузакта заманбап төрөт үйүнө капсула салынды