Бишкекте 51 млн. долларга 20 миң киши баткан мечит курулууда

Президент Садыр Жапаров имараттын курулушуна капсула салды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекке жакын Орто-Сай айылында 20 миң киши баткан заманбап "Ыйман борбору" мечитинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Бишкекке жакын Орто-Сай айылында 20 миң киши баткан заманбап "Ыйман борбору" мечитинин курулушу башталды

2 / 4

Президент Садыр Жапаров анын курулушуна капсула салды

3 / 4

Эки кабаттуу мечитте намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөт

4 / 4

Маалыматта белгиленгендей, мечиттин курулушу чет элдик инвесторлор тарабынан жүргүзүлүүдө, долбоор 51 миллион долларга бааланган.

Анда айтылгандай, президент Садыр Жапаров анын курулушуна капсула салды. Эки кабаттуу мечитте намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөт. Намаз комплексине административдик имарат жана руханий билим берүү мекемеси, медресе кирет.
Садыр Жапаров Кыргызстан калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутарын белгилеп, кыргыз эли жаратканга ишенип, ага болгон ишенимин көкүрөгүнө бекем сактай турганын кошумчалады.
"Жума күндөрү жума намазын окууда мечиттерге адам батпай, ыңгайсыздык жаралып жатканына да күбө болуп келебиз. Пайдубалын түптөп жаткан мечитибиз ошондой ыңгайсыздарды жоюп, жалпы мусулмандардын, мечиттин айланасында жашаган элдин муктаждыктарын канааттандырат деп ишенип турам", — деген президент.
Ошондой эле өлкө башчы бул мечит элдин диний сабаттуулугун жогорулатууга кызмат кылат деген ишенимин да билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, мечиттин курулушу чет элдик инвесторлор тарабынан жүргүзүлүүдө, долбоор 51 миллион долларга бааланган.
"Нарын" ресторанынын ордуна курула турган объектиге Садыр Жапаров капсула салды