11-мартка карата аба ырайы

11-мартта түнкүсүн жамгыр жаабайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз өлкө боюнча күн ачык болору күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +12...+17 жана Нарында +3...+8 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +23...+25 жана Ош шаарында +24...+26 градусту көрсөтөт.
Алдыңкы он жылда климат кандай өзгөрөт? Адистин жообу