"Теңирберди" тасмасын тартуу иши төрт жылга созулганын Асел Жураева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фильм башында кыска метраждуу болот деп пландаштырылган.
"Башында Темир Бирназаров менен бирге сценарийин жазып жатып "Теңирберди" фильмин кыска метраждуу тасма кылып тартабыз деп ойлогонбуз. Бирок кийин толук метраждуу тасма кылууну чечтик. Аталган фильм биздин чыгармачыл топтогу ар бир кишинин дебюттук иши. Ошол үчүн да абдан толкундандык, сыйлык алганда кубандык. Тартуу учурунда төрт сааттан гана уктоого туура келди. Толук метраждуу тасманын жоопкерчилиги кыска метраждууга караганда көбүрөөк экен. Алгачкы эле тасмабыздын ушундай ийгилик жаратышын команданын гармонияда иштегендиги жана бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылгандыгы менен байланыштырам. Ошондой эле ар бирибиз өз ишибизди сүйүп, процесстен ырахат ала алдык. Жумуштан ырахат алуу кандай сонун, бул үчүн акча да төлөнсө андан бетер жакшы", — деди режиссер-сценарист.
Жураева "Теңирберди" тасмасына жардамчылардан баштап айдоочуларга чейин салымы чоң экенин кошумчалады.