Жалал-Абадда текстилдик ири ишкана ачылат

Өкмөт башчы жеңил өнөр жай ишканалары чыгарган продукцияны эл аралык сертификациядан өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жалал-Абадда текстилдик ири ишкана ачылып, инвестициянын көлөмү 16 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Жалал-Абадда текстилдик ири ишкана ачылып, инвестициянын көлөмү 16 миллион долларды түзөт

2 / 4

Өзбекстанга барган өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Art Soft Holdings жана Fazman Textile компанияларынын курамына кирген текстиль ишканасынын иши менен таанышты

3 / 4

Ошондой эле республикадагы эркектердин кийимдерин өндүрүүчүлөр арасында лидер болуп саналган (ADIM бренди) Iftihor Kiyim Sanoat ишканасынын жаңы өндүрүштүк комплексинин курулушун көрүштү

4 / 4

Жапаров жеңил өнөр жай ишканалары чыгарган продукцияны эл аралык сертификациядан өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Буга Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин 2023-жылдын башындагы макулдашуусу негиз болот.
"Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланчу ишкана өзбекстандык Fazman Textile компаниясынын деңгээлинде болмокчу", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын аягында ачылган Fazman Textile текстиль фабрикасы жылына эркектердин, аялдардын жана балдардын 1 миллион даана кийимин чыгарып, 15 миллион долларлык товар экспорттойт.
Өзбекстанга барган өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Art Soft Holdings жана Fazman Textile компанияларынын курамына кирген текстиль ишканасынын иши менен таанышты. Ошондой эле республикадагы эркектердин кийимдерин өндүрүүчүлөр арасында лидер болуп саналган (ADIM бренди) Iftihor Kiyim Sanoat ишканасынын жаңы өндүрүштүк комплексинин курулушун көрүштү.
Жапаров жеңил өнөр жай ишканалары чыгарган продукцияны эл аралык сертификациядан өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Жапаров Өзбекстанда унаа заводуна барды. Сүрөт