Радио

Кыргызстан Жакынкы Чыгышка органикалык продукциялардын экспортун көбөйттү

Улуттук инвестиция агенттигинин өнүктүрүү жана экспортту илгерилетүү башкармалыгынын башчысы Тилек Жумалиев араб өлкөлөрү Кыргызстанга энергетика, туризм жаатында инвестиция салууну күчөтөрүн айтты.
Sputnik
Кыргызстандан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө органикалык продукциялардын экспорту кескин өсүп, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү артты. Бул тууралуу Тилек Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда тоо лыжа базаларын, ГЭСтерди куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу сыяктуу инвестициялык долбоорлор даярдалып, жакын арада ишке ашат.
"Ушул жылдын 13-14-мартында Бишкекте ислам принциптерине багытталган IBIF-2023 аттуу форум өтөт. Ислам бизнеси жана инвестициялык форумунда ислам каржы системасын илгерилетүү маселелери талкууланат. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү үчүн Кыргызстан инвестиция салууга боло турган жаңы аймак. Негизинен Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Арабия Падышалыгы менен өкмөттүк деңгээлде келишимдерге кол коюлуп, соода-сатык, инвестиция тартуу боюнча кызматташуу бар. Араб өлкөлөрү Кыргызстанга энергетика, туризм жаатында инвестиция салууну көздөп жатышат. Мисалы, тоо лыжа базасын куруу, ГЭСтерди куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу сыяктуу инвестициялык долбоорлор даярдалып, жакын арада ишке ашат", — деди Жумалиев.
Ошондой эле адис Кыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Катар, Кувейт, Бахрейн сыяктуу мамлекеттер менен да инвестиция багытында иштешерин кошумчалады.