Кайрат Иманалиев УТРКдан кетип, ордуна жаңы жетекчи дайындалды

Иманалиевдин башка кызматка өткөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Анын ордуна Болотбек Тиллебаев дайындалды. Тийиштүү жарлыктарга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматта Иманалиев башка кызматка өткөнү белгиленип, бирок кайсы тармакка кеткени айтылган эмес.
Эске салсак, Кайрат Иманалиев УТРКга 2022-жылдын июнь айында жетекчи болуп дайындалган.
Касмамбетов: Кыргызстан — күчтүү массалык маалымат каражаттары бар өлкө