Нарындагы жалгыз аэропорт оңдолуп жатат

Курулуштун жүрүшү менен Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары Адыл Сапаров таанышты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Нарындагы жападан жалгыз аэропорт оңдолууда, жумуш бүткөн соң ишке берилет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы билдирди.
1 / 3

Нарындагы жападан жалгыз аэропорт оңдолууда, жумуш бүткөн соң ишке берилет

2 / 3

Белгилүү болгондой, "Манас" эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сомго Нарын аэровокзалынын жаңы имараты курулуп жатат

3 / 3

Курулуштун жүрүшүн Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары Адыл Сапаров көрүп кетти

Белгилүү болгондой, "Манас" эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сомго Нарын аэровокзалынын жаңы имараты курулуп жатат.
"Үстүбүздөгү жылдын апрель айы менен курулуш-монтаждоо жумуштары аягына чыгат. Андан кийин учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, аба каттамдары ачылат", — деди маалымат катчы.
Курулуштун жүрүшүн Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары Адыл Сапаров көрүп кетти.
Июнда Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби авиакаттамын ачуу пландалууда