Медер Алиев: союз учурунда мугалимдер таяк менен эле мыктыларды тарбиялаган

Депутат айрым окуучулар менен ата-энелер жоопкерчиликти билбей калганын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев мугалимди мазактаган окуучулар боюнча пикирин билдирип, мындай көрүнүштү педагогдорду чектөөнүн кесепети катары сыпаттады.
Ал Кыргызстанда мугалимдердин кадыр-баркы төмөндөп кеткенин, кээ бир окуучулар жана ата-энелери өздөрүнүн укугун талап кылганды билип, бирок жоопкерчиликти билбей калганын айтууда.
"Союз учурунда кандай деген агай-эжекелер бар эле. Чыбык, таякча менен мыкты окуучуларды, олимпиада жеңүүчүлөрүн тарбиялаган. Жалпы СССРдин олимпиадасында Кыргызстан химия, физика жана так илимдер боюнча 1-2-орундарды алчу. Талапты катуу койгон мугалимдер болгон. Азыр мугалимдер үнүн катуу чыгарып койсо эле "кокуй эле кокуй, укугум бузулду" деп төө бастыга алат. Бир талап коюштан дагы чочулап калышты", — деди Алиев.
Ошондой эле мугалимдердин коомдогу ордун бекемдегенге баары жардам бериши керек деп эсептейт.
Мугалимге шакаба чеккен балдар менен министр өзү жолукту. Видео