Бишкектин Ленин районунда көчмө бала бакча ачылды

Көчмө бала бакча долбоору Ленин районунун башка конуштарында да ишке ашырылат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкектин Ленин районунда көчмө бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
1 / 2

Бишкектин Ленин районунда көчмө бала бакча ачылды

2 / 2

Долбоорду № 93 мектептин базасында Ленин акимиаты менен И. Арабаев атындагы университет ишке ашырмакчы

Долбоорду № 93 мектептин базасында Ленин акимиаты менен И. Арабаев атындагы университет ишке ашырмакчы.
"Бакчанын негизги максаты — ар бир баланын мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзүп берүү. Ага Арча-Бешик конушундагы 2 жаштан 7 жашка чейинки балдар бара алат. Аларды алып келген ата-энелер да окушат. Адистер аларга балдарды мектепке кантип даярдоону үйрөтүшөт. Бакчада балдар бир саат жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Көчмө бала бакча долбоору Ленин районунун башка конуштарында да ишке ашырылат.
Облустарда кыска убакыт иштеген канча бала бакча ачылат. Тизме