Бүгүн Кыргызстанга ЖККУнун жаңы башкы катчысы келет

Ал өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен жолугат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанга жакында эле ЖККУнун башкы катчысы болуп дайындалган Имангали Тасмагамбетов келет.
Уюмдун маалымат кызматы билдиргендей, ал эки күндүк сапарга келет. Тасмагамбетов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, коргонуу министри Бактыбек Бекболов жана УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчилери менен жолугушмакчы.
Буга чейин ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыңалууну чечүү чарасын сунуштай турганы айтылган.
Бул — Тасмагамбетовдун башкы катчы катары Бишкекке жасаган биринчи сапары.
Дипломат: ШКУ менен ЖККУнун кызыкчылыктары көп жерден дал келет