Берлиндеги көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылды

Эл аралык иш-чарага Кыргызстандын Туризм департаменти жана бул тармактагы 21 өкүл катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстан Германиянын Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin 2023 көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
1 / 3

Кыргызстан Германиянын Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin 2023 көргөзмөсүнө катышууда

2 / 3

Ага ылайык, ITB Berlin 2023 эл аралык туристтик көргөзмөсү 7-мартта башталган, ал 10-мартка чейин уланат

3 / 3

Иш-чарага 60тан ашык өлкө катышууда, ар бир өлкө туристтик тармактагы акыркы тенденциялар менен тааныштырат

Ага ылайык, ITB Berlin 2023 эл аралык туристтик көргөзмөсү 7-мартта башталган, ал 10-мартка чейин уланат. Иш-чарага 60тан ашык өлкө катышууда, ар бир өлкө туристтик тармактагы акыркы тенденциялар менен тааныштырат.
"Аталган иш-чарага эл аралык GIZ өнөктөштөрдүн, "Кыргызстандагы туризмди колдоо фонду" жана Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин көмөгү менен бул тармактан 21 өкүл катышып жатат. Анда кыргыз павильонунун ачылыш аземи салтанаттуу уюштурулуп, өлкөнүн Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Кыргызстандын туристтик тармагынын өкүлдөрү катышты. Көргөзмөгө жалпы 10 миңден ашык экспонаттар коюлат жана 160 миңден ашуун адам келери күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтин белгилешкендей, иш-чаранын алкагында анын катышуучулары туризм тармагында пикир алмашып, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Бул саамалык Кыргызстандын туристтик потенциалын көрсөтүп жана таанытууга мыкты мүмкүнчүлүк экени айтылды.
Третьяков галереясында кыргыз тилинде экскурсиялар өтүп турат