Кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу каза тапты

Сарулунун соңку белгилүү кинокартинасы "Көч" деп аталып, бир топ эл аралык сыйлыктарга татыган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу 66 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
"Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу дүйнө салды. Коштошуу зыйнаты тууралуу кошумча маалымдалат", — деп билдирди министрликтен.
Марат Сарулу 1957-жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1984-жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган. Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон.
Анын соңку белгилүү кинокартинасы "Көч" деп аталып, эл аралык бир нече сыйлыктарга татыган.
Боор оору менен алышып жаткан актёр Азиз Мурадилаев каза тапты