Ломоносов атындагы университеттин гимназиясы окуучуларды кабыл алат

Кабыл алуу экзамендери 26-мартта өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын 7-9-класстарынын окуучуларына Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы гимназияга окууга кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, аталган гимназияга окууга кирүү үчүн атайын экзамен тапшыруу керек. Ал 26-мартта Бишкек шаарындагы "Ломоносов мектеби" илимий-методикалык комплексинде өтөт.
Окууга кабыл алуу эрежелери жана окууга өтүү үчүн тест-экзамен тапшыруунун жол-жобосу менен каалоочулар кенен тааныша алат.
ОшМУда МГУнун борбору ачылат, эки диплом берилет. Келишимге кол коюлду