"Канжар-Х". Кыргызстанда кыргыз-индиялык машыгуу башталды. Сүрөт

Эки мамлекеттин спецназдары алдыңкы тажрыйбалар менен алмашат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстанда "Канжар-X" деген аталыштагы кыргыз-индия тараптын биргелешкен машыгуусу башталды. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 4

Кыргызстанда "Канжар-X" деген аталыштагы кыргыз-индия тараптын биргелешкен машыгуусу башталды

2 / 4

Машыгуунун максаты ар кандай кырдаалдарда атайын тапшырмаларды аткарууда эки өлкөнүн бөлүмчөлөрүнүн күжүрмөн ырааттуулугун, өздүк курамдын талаа көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу экени айтылды

3 / 4

Эки мамлекеттин коргоо ведомстволорунун ортосундагы атайын багыттагы бөлүмчөлөр менен "Канжар" биргелешкен машыгуусу жыл сайын өтүп келет

4 / 4

Башкы штабдан былтыр Индияда болсо, быйылкы кезек Кыргызстанда экенин айтышты.

Машыгуунун максаты ар кандай кырдаалдарда атайын тапшырмаларды аткарууда эки өлкөнүн бөлүмчөлөрүнүн күжүрмөн ырааттуулугун, өздүк курамдын талаа көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу экени айтылды.
"Атайын даярдыктагы жоокерлер Коргоо министрлигинин №52806 аскер бөлүгүнүн аймагында аскердик тажрыйбасы менен даярдыгын арттырып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Эки мамлекеттин коргоо ведомстволорунун ортосундагы атайын багыттагы бөлүмчөлөр менен "Канжар" биргелешкен машыгуусу жыл сайын өтүп келет. Башкы штабдан былтыр Индияда болсо, быйылкы кезек Кыргызстанда экенин айтышты.
Балыкчыда аскердик машыгуу өтүп, Жапаров баштаган жетекчилер көз салды. Сүрөт