Блинкендин Борбор Азиянын ТИМ башчылары менен жолугушуусунда эмне кеп болгон?

Жолугушуу 10 күн мурун Астанада С5+1 форматында өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасалды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, жолугушуу 28-февралда Астанада өттү. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери С5+1 форматында жолукту.
Маалыматта Блинкен "АКШнын Борбор Азия мамлекеттеринин элдери жана өкмөттөрү менен тилектештигин" белгилегени айтылат.
"Өкмөттөр тынч жана гүлдөп өнүккөн Борбор Азия өлкөлөрү үчүн БУУнун уставын жана анын принциптерин кармануу аркылуу бардык өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу талап кылынарын белгилешти", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле алар экономика, энергетика, экология жана коопсуздук тармагында тыгыз кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кароону макулдашкан.
Россия Борбор Азия өлкөлөрүндө миграцияга даярдык көргөн борбор ачуу ниетинде