Беларуста мамлекетке чыккынчылык кылган аткаминерлер өлүм жазасына тартылат

Мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн өлүм жазасы чиновниктерден сырткары аскер кызматкерлерине да каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко мамлекеттик чыккынчылык кылганы үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Документтин негизги максаты экстремисттик (террористтик) жана мамлекетке каршы багытталган кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүү экени айтылат.
Мындай аракеттер үчүн мамлекеттик кызматта турган бардык адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылмакчы.
Ошол эле учурда кызмат адамы же аскер кызматкери мамлекеттик чыккынчылык кылса жазанын эң оор түрү — өлүм жазасы колдонулат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лукашенко: Украинадагы чатакты токтотууга жакшы учур жаралып турат