Акылбек Жапаров Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев менен жолукту

Жолугушууда ушул жылдын январь айында Бишкекте кол коюлган макулдашууларды ишке ашыруу маселелери каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстандын өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун башында Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун саламын айткан.
1 / 2

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду кабыл алды

2 / 2

Жолугушуунун башында Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун саламын айткан

Анда ушул жылдын январь айында Бишкекте кол коюлган макулдашууларды ишке ашыруу маселелери каралган.
Өзбек-кыргыз мамилелерин мындан ары да ар тараптан тереңдетүүгө көңүл бурулган.
Ошондой эле жолугушууда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруунун иш жүзүндөгү аспектилери талкууланган.
Мындан сырткары, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорун активдүү даярдоо зарылдыгы белгиленген.
Ушул жылы биргелешкен бир катар иш-чараларды активдүү өткөрүү пландалып жатканы айтылган.
Ошондой эле аймактык кызматташтыктын актуалдуу аспектилери боюнча пикир алмашуу болгон.
Жапаров Өзбекстанда унаа заводуна барды. Сүрөт