Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШнын Чалгын кызматы Москва менен түз тирешүү тобокелдигине баа берди

Маалыматтарда Россия бийлиги ушу кезге чейин Украинадагы абалды курчутуп жиберчү аракеттерден оолак болуп келгени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Москва Батыш мамлекеттери менен түз кагылышууну каалабайт, бирок буга карабастан Украинадагы абалдын чыңалуу тобокелчилиги күч. Бул тууралуу АКШнын атайын кызматы жыл сайын жарыялоочу кооптуулуктун божомолунда айтылганын РИА Новости жазды.
"Россия АКШ жана НАТО күчтөрү менен түз тирешүүнү каалабайт сыяктуу, бирок жаңжал чыгып кетет деген тобокелчилик күч", — деп айтылат документте.
Чалгын кызматынын маалыматы боюнча, РФ бийлиги ушу кезге чейин Украинадагы абалды курчутуп жиберчү аракеттерден оолак болуп келген.
ЖМК: АКШ Киевдин "Түндүк агымдагы" терактыга катыштыгын четке каккан эмес