Радио

Тогуз коргоол боюнча мелдеш өткөрүүчү жердин жоктугу көйгөй жаратууда

Тогуз коргоол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурия Султанмуратова өлкө аймактарында тогуз коргоол ойногон өспүрүмдөрдүн саны кескин өсүп, күчтүү атаандаштык жарала баштаганын айтты.
Sputnik
Тогуз коргоол боюнча мелдештерге катышуучулардын саны абдан көп. Бирок өткөрүлүүчү жердин жоктугу учурдун башкы көйгөйү болуп турат. Бул тууралуу Нурия Султанмуратова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, убагында мектеп жашындагы балдарга көңүл бурулбай калгандыгы көйгөй болгон.
"Тогуз коргоол боюнча мелдештерге катышуучулардын саны абдан көп. Бирок өткөрүлүүчү жердин жоктугу учурдун башкы көйгөйү болуп турат. Буга байланыштуу катышуучулардын санын да чектөөгө туура келүүдө. Акыркы учурларда өлкөнүн аймактарында тогуз коргоол ойногондордун көбөйгөнү, ата-энелердин балдарынын интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө маани берип жатканы кубандырат. Өз учурунда бул оюнду студенттерге гана окутуп, мектеп курагындагы балдарга көңүл бурулбай калган. Бул жагынан алганда коңшу Казакстандан 5-10 жылга артта калдык. Мамлекет дагы өзгөчө маани берип, ар бир мектепте ойнолуп жатат", — деди Султанмуратова.
Ошондой эле адис тогуз коргоол боюнча алдыңкы алты спортчуга мамлекет тарабынан стипендия берүү чечими чыгып, жакшы стимул болгондугун кошумчалады.