Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путинди көңүл коюп уккула. Америкалык чалгынчы россиялыктарга кайрылды

Офицер Россиянын коргонуусу мыкты экендигин белгилеп, АКШнын Украинага берген ыраакка атылчу бомбалары да аны жеңүүгө жардам бере албастыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы кырдаалдын айланасында өз өлкөсүнүн коопсуздук чегин таамай белгилеген. Мындай пикирин АКШнын Деңиз-аскер күчтөрүнүн чалгындоо бөлүмүнүн отставкадагы офицери Скотт Риттер айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Силер болгону анын (Путиндин — ред.) айтканын угушуңар керек. Россия согушуп жатат, бирок анын коргонуусу өтө кубаттуу. Ал коопсуздугуна жоопкерчилик алган адамдарды сөзсүз коргойт. Ал эми Россияны демитип, коркуткандарды душманы азыр колдонуп жаткан ракеталардай бат эле алыс сүрүп чыгарат. Учурда HIMARS системасы үчүн бул аралык 150 чакырым болууда", — деген ал.
Риттердин айтымында, АКШ Украинага берген ыраакка атылчу ракеталар аталган өлкөгө согуш талаасында эч кандай артыкчылык бере албайт, тескерисинче, атайын аскердик операциянын жыйынтыгында өлкө ыдырап кете тургандыгын гана кепилдейт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Мезгил жетти". АКШда Украинага жардам берүүнү токтотууну талап кылышууда