Жапаров Өзбекстанда унаа заводуна барды. Сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы "UzAuto Motors" заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Асака шаарындагы (Анжиян облусу) "UzAuto Motors" заводундагы өндүрүш процесси менен таанышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жапаров Асака шаарындагы автозавод инвестиция тартуунун жана өндүрүш процессин эффективдүү уюштуруунун жакшы үлгүсү экендигин белгилеген.

"Эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүнүн алкагында өнөр жай кооперациясын жайгаруу зарыл. Бул багытта алгачкы кадамдар жасалды. Мындан ары түзүлгөн келишимдерди жакын арада ишке ашыруу максатында "UzAuto Motors" заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу гана керек", — деген ал.

Эске салсак, Акылбек Жапаров бүгүн, 8-мартта, жумушчу иш сапары менен Өзбекстанга барган.
Асака шаарындагы заводдун курулушу 1994-жылдын июнь айында башталган. 1996-жылдын март айында ишканада Damas унаасын чыгаруу башталган. Учурда ишкананын конвейеринен Chevrolet бренди менен Spark, Nexia, Cobalt, Lacetti (Gentra), Damas, Labo, Malibu, Tracker, Equinox, Trailblazer, Traverse жана Tahoe сыяктуу автоунаалары чыгарылууда.
Өткөн жылы завод 327 миң автоунаа чыгарса, быйыл 400 миңге чейин чыгаруу пландалууда.
ЖК төрагасы Hyundai унаа заводунун филиалын Кыргызстанда ачууга чакырды