Акылбек Жапаров Өзбекстанга барды. Иш сапардагы пландар

Жапаровдун Өзбекстандын Жизак облусунун Манас айылында отурукташкан этникалык кыргыздар менен да жолугушуусу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен барды. Өкмөттөн маалымдашкандай, аны Өзбекстан тарап чакырган.
Билдирүүгө ылайык, Жапаров иш сапарынын алкагында Өзбекстандын бир катар аймактарына барып, андагы өнөр жай жана илимий-техникалык ишканалардын жумушу менен таанышат. Мындан тышкары, жогорку кызмат адамдары менен жолугушуулар пландалган.
"Акылбек Жапаров Өзбекстандын Жизак облусунун Манас айылында отурукташкан этникалык кыргыздар менен да жолугушууга ниеттенүүдө", – деп айтылат маалыматта.
Акылбек Жапаров тойканалар төлөгөн салык канчага көбөйгөнүн көрсөттү. Видео