Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Россиянын курамасына утулуп калды

Акыркы эки күндө Бишкекте футзал боюнча төрт беттеш болуп, Россиянын негизги командасы жана Россиянын жаштар курамасы менен экиден оюн болду.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук командасы экинчи жолдоштук беттешинде Россия курамасына 0:9 эсебинде утулуп калды.
Бир күн мурун болгон биринчи оюнда да россиялыктар 1:6 эсебинде жеңишке жетишкен.
Ошондой эле кечээ жана бүгүн Кыргызстан менен Россиянын жаштар курамалары (18 жашка чейинки) беттешти. Биринчи оюнда 2:4, экинчисинде 1:7 эсеби катталып, эки беттеште тең россиялыктар жеңишке жетишти.
Акжол Махмудов эл аралык турнирде алтын медаль утту