Бишкекте элечекчен баатыр энелер жүрүшкө чыгышты. Сүрөт

Иш-чаранын катышуучулары улуттук баалуулуктарды даңктоону максат кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бүгүн Аялдардын эл аралык майрамына карата баатыр энелер жүрүшкө чыгышты. Иш-чараны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандын пенсионерлери партиясы менен биргеликте уюштурган.
1 / 3

Бүгүн Аялдардын эл аралык майрамына карата баатыр энелер жүрүшкө чыгышты

2 / 3

Анда элечекчен баатыр энелер Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан тартып Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жүрүш жасашты

3 / 3

Иш-чарага өлкөнүн жети облусунан өкүлдөр келип, министрликтин кызматкерлери, белгилүү акын, жазуучулар катышты

Анда элечекчен баатыр энелер Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан тартып Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жүрүш жасашты. Иш-чарага өлкөнүн жети облусунан өкүлдөр келип, министрликтин кызматкерлери, белгилүү акын, жазуучулар катышты.
"Бул акция менен биз улуттук салтыбызды коргоого, улуттук баалуулуктарыбызды сактоого милдеттүү экендигибизди көрсөттүк. Биз бала ата-энеси менен өскөн салттуу үй-бүлөнүн сакталышын көздөйбүз, ак калпак, ак элечек улуттук кийимибиз экендигин тааныган муунду тарбиялайбыз, ар бир адам ой-пикирин айта алган коомду түзөбүз", — деди министр Кудайберген Базарбаев.
Ошондой эле ал иш-чара президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде өткөрүлүп жаткандыгын айтты. Жүрүштүн катышуучуларына Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында Кыргыз эл акындары ырларын окушуп, "Манас" эпосунан үзүндү айтылып, улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү уюштурулду.
Соңунда министр Базарбаев президент Садыр Жапаровдун атынан катышуучуларга белек катары жоолук берди.
Кыргызстанда аялдар тууралуу кызыктуу фактылар