Кыз бала — жалпы түшүнүк. Маселен "менин эки эркек жана эки кыз балам бар" деп айтылышы мүмкүн. Кээде турмушка чыга электерди сыпаттап жүрүшөт;
Секелек — кыз баланын секирип ойноп жүргөн 9 жашка чейинки мезгили. Шариятта да кыздардын балакатка жеткен маалы 9 жаш делет. Андан кийин жеткинчек, өспүрүм болот.
Селки — өспүрүм кызды селки деп атайт. Селки дегени эч нерсе менен иши жок, турмуштун түйшүгүн билбей бийлеп турган кези. Буга 12-16 жаштагы кыздар кирет;
Бийкеч — аялзатынын 15 жашынан тарта турмушка чыкканга чейинки мезгили. Башкача айтканда, бойго жеткен кыз;
Колукту — кайын-журту менен кудалашып койгон, башкача айтканда, нике түнгө чейинки убак;
Келин — кыргыздын нукура сөзү. "Кел, келип башыңды ий" деген сөз. Башка бүлөгө барган кызды атайт;
Карындаш — бир карындан чыкты дегенди билдирет. Бизде адатта эркектер гана кыздарды карындашым дейт;
Айым — элечек кийип калган кезди айтат. Айым — бул макам дагы. Ак сөөктөрдүн тукумуна кирген аялзатын тергеп атаган;
Жубай — жуп деген сөздөн келип чыккан. Жуп эки нерседен турат, демек, аялым дегенди билдирет;
Жесир — күйөөсү каза болгон аял;
Катын — орой угулганы менен, түрк элдеринде "катын" (хатун) бийик даражаны билдирип, кадыр-баркка ээ болгон аялды айткан;
Кемпир — турмушта өз ордун тапкан, бала-бакырасы менен очор-бачар турмуш кечирип, ага-тууганына, жакындарына кадыры бар чоң эне;
Байбиче — аксакал кандай кадыр-баркка ээ болсо, байбиче да ошондой даражадагы аялзаты. Ал элге кызматы сиңген кадырлуу эне даражасындагы аял. Жумурай журтка өзүнүн улуулугун көрсөтүп, аялдык, жубайлык, жеңелик милдетин так, туура аткарып, таасири эли-журтуна жетсе, анда ал "байбиче" болот;
Кайнене — бала-чакасы турмуш куруп күйөө балалуу же келиндүү болгондо ээ болгон макам;