БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Британиянын Times гезити Батыш мамлекеттеринин чалгын кызматына "Түндүк агымдагы" жардыруунун украиналык "демөөрчүсүнүн" аты-жөнү белгилүү экенин айтып чыкканын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, кечээ New York Times гезити газ түтүктөрүн жардыруунун артында Украинаны колдогон айрым топтор турарын, аларды Киев бийлиги билбеши мүмкүн экенин айгинелеген маалыматтар тууралуу жазып чыккан. Ал эми германиялык Zeit басылмасы түтүккө жасалган чабуулдун изи Украина тарапка кетип жатканын билдирди.
"Ал украиналык демөөрчүнүн Зеленскийдин өкмөтү менен байланышы жок, чалгын жаатында бир нече айдан бери жүрөт, бирок ачыкка чыкпайт", — деп айтылат маалыматта.
Басылма НАТОнун чиновниктери мындай кадам аркылуу Украинаны Германия менен ачык тирешүүдөн коргоп жатса керек деген божомолун келтирген. Гезиттин маалыматы боюнча, окуя болгондон бир жума өткөндөн кийин чалгын кызматы Брюсселдеги скандинав делегациясынын өкүлдөрүнө терактынын артында орустар, америкалыктар же поляктар эмес, "Украинанын жеке ишканасы" турарын билдирген.
"Кызматкерлерге бул ачыкка чыкпай турган маалымат экени айтылып, россия-немец газ түтүгүнүн жардырылышы боюнча расмий иликтөө жай жүрүп жатканы тууралуу суроолорду жоопсуз калтыруу зарылдыгы эскертилген", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Түндүк агым" түтүктөрүндөгү жардыруу боюнча New York Times менен Zeit басылмалары жарыялаган акыркы билдирүүлөр уюшулуп чыгарылган материалдардын тобу экенин айтып чыккан.
Кремлдин өкүлү эки басылма таянган америкалык чиновниктер кандайдыр бир иликтөө жүргүзбөй туруп "Түндүк агымдагы" жардыруулар боюнча пикир билдириши акылга сыйбай турганын белгилеген.