9-мартка карата аба ырайы

9-мартка караган түнү айрым облустарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +11...+16, Ысык-Көл өрөөнүндө +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, ал эми Нарында -1...+4 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13...+15 жана Ош калаасында +18...+20 градуска жетет.
Кыргызстанда аялдар тууралуу кызыктуу фактылар