Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүнө мындан ары стипендия төлөнөт

Даражасына жараша ай сайын мамлекет тарабынан 15 миң сомго чейин төлөнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттерине жана академиктерине стипендия төлөө кайрадан жанданды. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон. Максаты — илимий-чыгармачылык ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана тиешелүү шарттарды түзүү.
Тагыраак айтканда, мындан ары Улуттук илимдер академиясынын учурдагы мүчөлөрүнө (академиктерине) ай сайын 15 миңден, ал эми мүчө-корреспондентерине 7 500 сомдон стипендия төлөнөт.
Мугалимге үй, миллион сом берип, жогорку наам ыйгарылат. Иманалиевдин убадалары