500 жасалма документ. Сузакта мыйзамсыз жер саткан бир нече кызматкер кармалды

Айыл чарба багытындагы жерлерди турак жай курууга сатышканы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир катар кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз жер сатууга айыпталып кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир катар кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз жер сатууга айыпталып кармалды

2 / 2

Тагыраагы, Сузак райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн адиси А.Н.Т., Сузак айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси О.С., "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин райондук бөлүмүнүн адиси И.К. жана айыл өкмөт башчысынын мурдагы орун басары Х.У.Р., ошондой эле мыйзамсыз бүтүмдөрдү түзүүгө ортомчулук кылган К.О.С. аттуу жаран колго түшкөн.

Тагыраагы, Сузак райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн адиси А.Н.Т., Сузак айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси О.С., "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин райондук бөлүмүнүн адиси И.К. жана айыл өкмөт башчысынын мурдагы орун басары Х.У.Р., ошондой эле мыйзамсыз бүтүмдөрдү түзүүгө ортомчулук кылган К.О.С. аттуу жаран колго түшкөн.
"Кармалгандар жасалма документтерди колдонуу менен айыл чарба өндүрүшүнө гана ылайыкталган жер тилкелерин жеке турак жай курууга мыйзамсыз сатышкандыгы аныкталган. Алардын жашаган жана иштеген жерин тинткенде жер тилкелерине тиешелүү 500дөн ашык жасалма белгилери бар документ табылган", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон. Учурда окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экенин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Мындан улам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузактын тургундарын жер тилкелери боюнча алдамчылык, анын ичинде кызмат адамдары катышкан фактылар болсо Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөт.
Ошол эле учурда УКМК Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жана жайыт жерлерин жеке турак жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча кабыл алынган токтомдор мыйзамсыз экенин маалымдайт. Ушуга байланыштуу тургундарды мурда алынган документтери менен УКМКнын облустук башкармалыгына келип, коррупциялык схемага тиешеси адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүнү чакырат.
УКМК борбор калаанын райондорунун биринин башкы архитекторун кармады