Мугалимге шакаба чеккен балдар менен министр өзү жолукту. Видео

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, окуучу педагогдордон кечирим сурап, мындай нерсе экинчи кайталанбайт деп сөз берген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мектеп мугалимин шылдыңдаган окуучулар менен жолукту.
Окуя Бишкектеги № 91 мектепте (Кара-Жыгач конушу) болгон.
Мектепке барган Иманалиев жыйын өткөргөн. Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, окуучу педагогдордон кечирим сурап, мындай нерсе экинчи кайталанбайт деп сөз берген.
Иманалиев мектеп жетекчилигине балдарды ата-энеси менен биргеликте психологдорго жолуктуруп, тарбиялык сааттарды уюштурууну тапшырды.
"Эгер сен Акжол Махмудовдой чемпион болом десең, жардам берем. Айсулуу Тыныбекованы, Акжол Махмудовду дагы эже-агай окуткан. Мен эже-агайымды сыйлап жүрүп министр болдум. Эгер мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?" — деди министр.
Ал ошондой эле мамлекеттик саясат мугалимдерди колдоого багытталганын, президент дагы буга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
Иманалиев жакшы эжекеси, билимдин баркы, мектеп жөнүндө ролик тарткан окуучуларга атайын белек ыйгарыларын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин соцтармактарда түз эфир учурунда окуучулар мугалимдин тилин укпай, аны шылдыңдап, дарегине орой сөздөрдү айткан видео тараган.
Мектеп директорлорун тандоо: бош кызмат орундарынын тизмеси