Мектеп директорлорун тандоо: бош кызмат орундарынын тизмеси

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү жакынкы күндөрү белгилүү болот.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 69, Ысык-Көл облусунда – 8, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Баткен облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда 67 жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундары бар.
Билим берүү уюмдарынын аталыштарын министрликтин сайтынан алууга болот.
Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү жана сынакты өткөрүү графиги жакынкы күндөрү белгилүү болот.
Апрель айынан тарта мектеп директорлорунун маянасы 50%га жогорулайт