Кыргызстан ун жана буудай сатып алган өлкөлөр. Статистика

Былтыр өлкөгө 220 миң тоннадан ашуун дан жана 26 миң тонна ун сырттан сатып алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанга буудайды жеткирүүчү негизги өлкө — Россия, ал эми ун боюнча Казакстан. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында камтылган.
Белгилей кетсек, Кыргызстан өзүн-өзү дан менен толук камсыздай албайт, ошондуктан буудай жана унду импорттойт.

Буудай боюнча маалымат

Өткөн жылы 222 миң тонна буудай (57,7 миллион долларлык) сырттан ташылып келген. Анын 215,7 миң тоннасы Россиядан, калганы Казакстандан сатып алынган.
Салыштыруу үчүн айтсак, 2021-жылы 233,9 миң тонна импорттолгон, анын 95,5 миңи коңшу өлкөдөн, калганы РФтен алынган.

Ун боюнча маалымат

Былтыр Кыргызстан 26,4 миң тонна ун сатып алган. Жеткирүүчүлөрдүн тизмеси:
Казакстан — дээрлик 19 миң тонна;
Россия — 7,4 миң тонна;
Беларусь — 1,2 тонна (1 200 кг).
Мурдагы жылы 54,8 миң тонна ташып келинген болчу.
Кыргызстандан Россияга товар экспорттоо 2,5 эсеге көбөйдү