Радио

Орозалиева: "Эр Табылды", "Кожожаш" эпосторунун энциклопедиялары чыгат

"Манас" улуттук академиясынын манас таануу бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты Жүрсүн Орозалиева Эр Табылды жана Кожожаш энциклопедиялары жарык көрөрүн айтты.
Sputnik
Эр Төштүк энциклопедиясынан кийин "Эр Табылды" жана "Кожожаш" эпосторунун үстүнөн иштей баштадык. Бул эки кенже эпос боюнча да илимий анализге алынган энциклопедиялар жарык көрөт. Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кенже эпостордун энциклопедияларын иштеп чыгуу мамлекеттик заказдын негизинде ишке ашырылууда.
"Эр Төштүк" эпосу боюнча энциклопедия биздин тырмак алды эмгегибиз болду. Идеалдуу деп айта албайбыз, бирок ошентсе да көлөмү боюнча "Манастан" кийинки эле орунда турган кенже эпос боюнча энциклопедия басылып чыкты. Алдыда "Эр Табылды" жана "Кожожаш" кенже эпостору боюнча илимий энциклопедияларды чыгарууну максат кылып койдук. Академиянын жамааты учурда кызуу иш алып барууда",— деди Орозалиева.
Окумуштуу аталган эпостордун китептери чыккан соң аймактарга таратыларын кошумчалады.