Радио

Юрист ишкерлер ЕАЭБ сотунун мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатканын айтты

ЖИА бизнес-ассоциациясынын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев ЕАЭБдин ичиндеги айрым көйгөйлөрдү аталган уюмдун соту аркылуу чечсе болорун белгиледи.
Sputnik
Кыргыз ишкерлери ЕАЭБ сотунун мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатат. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган көйгөйдүн келип чыгышына бир катар себептер бар.
"ЕАЭБдин ичинде бирдиктүү бажы аймагы болуп эсептелет. Демек, ортодогу талаштуу жагдайлар орун алышы ыктымал. Аны чечүү жолдорунун бири катары ЕАЭБ сотун кароо зарыл. Тилекке каршы, көбүнчө юристтер ички казанда эле кайнап, улуттук мыйзамдар менен иштешүүдө. Ал эми чет өлкөдөгү мүмкүнчүлүктөр  пайдаланылбай жатат. Мисалы, ишкерлер "Казакстандын бажысынан тоскоолдук жаралууда" деп айтышат. А чын-чынына келгенде эки өлкөнүн ортосунда мамлекеттик чек ара бар, ал эми бажы жок. Мына ушул сыяктуу ишкерлердин укуктук билиминин жетишсиздиги, маалыматтын жетишсиздиги жана башка бир нече себептен улам кыргыз ишкерлери ЕАЭБ сотунун мүмкүнчүлүгүнөн  пайдаланбай жатат. Натыйжада экономикалык жактан зыянга учурап калышууда", — деди Салиев.
Ошондой эле ЕАЭБ сотуна кайрылууга бир катар мамлекеттик органдарга мүмкүндүк берилгенин кошумчалады.