Радио

Кыргызстанда дарылардын сапатын мобилдик тиркеме аркылуу текшерип алууга болот

Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов кыргызстандыктар дарынын сапатын мобилдик тиркеме аркылуу текшере аларын айтты.
Sputnik
Өлкөдө дары-дармектин коопсуздугуна байкоо жүргүзө турган система ишке киргизилди. Бул тууралуу Исабек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү дары-дармектерди өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр дары-дармекти көзөмөлдөө системасынын алкагында белгиленген жаңы талаптарды жана стандарттарды сактоого милдеттендирилет.
"2023-жылдын 9-февралында министрлер кабинети өлкөдө дары каражаттарын көзөмөлдөө системасын киргизүү боюнча токтомго кол койгон. Бул системаны киргизүү Кыргызстанда дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун жана майнаптуулугун камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле жасалма дарыларды сатууну алдын алууга жардам берет жана ар бир препараттын келип чыгышы, тарыхы тууралуу маалыматты окуп-билүүнү камсыз кылат. Тиркемеде QR-коддун жардамы менен дарынын өндүрүүчүсү, дарыканаларда, кампаларда бар-жогу, баасы, колдонуу мөөнөтү боюнча маалыматтарды алса болот. Эгерде дарынын аталышы тизмеден чыкпаса, анда көзөмөлдөө системасына кирбеген же өлкөгө мыйзамсыз алып келинген болот. Ал препараттардын сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртууга, ошондой эле бейтаптардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жардам берет. Бул система Түркиянын байкоо жүргүзүү системасынын негизинде иштелип чыккан. Дүйнөлүк банктын 2012-жылдагы макаласында Түркия фармацевтикалык камсыздоо чынжырында толук көзөмөлдү ийгиликтүү ишке ашырган дүйнөдө биринчи өлкө болду. Азыр дары-дармектин таӊгагында QR-коддун болушу талап кылынгандыктан фармацевтикалык компаниялар 2023-жылдын аягына чейин аларды бардык продукцияга коюуга тийиш. Учурда системага бардык психотроптук жана баңгизат препараттары киргизилди", — деди Исмаилов.
Ал учурда мобилдик тиркеме сыналып жатканын жана жакында Google Play дүкөнүндө жеткиликтүү болорун кошумчалады.