Бишкектин четинде уурулукка шектелген кишини мамыга байлап коюшту. Видео

Милициянын маалыматы боюнча, шектүү буга чейин соттолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектин чет жакасындагы Ак-Жар жаңы конушунун тургундары эркек кишини электр мамысына байлап коюшкан. Алар аны уурулукка айыптоодо.
Видеону тартып жаткан киши кармалган адам үйлөрдүн бирине уурулукка киргенин айтып жатканын угууга болот.
Чүй облустук ИИББдин маалыматына караганда, шектүү 6-март күнү үйдүн кулпун бузуп кирүүгө аракет кылып жатканда үй ээси аны кармап алган. Шектүү качып кетпесин деп электр мамысына байлап коюшкан. Кийин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эркек киши 32 жашта. Буга чейин да уурулугу үчүн менен соттолгон. Учурда анын Аламүдүн районунда ушундай эле кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.
Бишкекте күндүз автоунаанын айнегин талкалап акча, телефон алып кетишти. Видео