Бишкекте күндүз автоунаанын айнегин талкалап акча, телефон алып кетишти. Видео

Уурулук чак түштө Чыгыш-5 кичи районунда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Борбор калаада Toyota автокөлүгүнүн терезесин талкалап, ичинен 50 миң сом менен смартфонду уурдап кетишти. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.
Бул окуя чак түштө Чыгыш-5 кичи районунда болгон. Акчанын сумкада жатканын айтышты.
Милиция 34 жана 35 жаштагы эки эркек кишини шектүү катары кармаган. Учурда бул сыяктуу башка кылмыштарга алардын тиешеси бар-жогу аныкталууда.
Ошто кафеден 5 млн. сом уурдоого шектелип өспүрүмдөр кармалды