БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Биринчи айым Айгүл Жапарова баш болгон Кыргызстандын аялдар делегациясы Россия мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Альбир хазрат Крганов менен жолукту. Бул тууралуу Москва шаарындагы мусулмандардын дин башкармалыгынын сайтында жазылган.
“Кыргыз Республикасынан келген делегацияны Россия Федерациясындагы жарандык коом институттарынын жана диний уюмдардын коомдук долбоорлорду ишке ашырууда жана социалдык көйгөйлөрдү, кайрымдуулук иштерин чечүүдө тажрыйбасы кызыктырды”, — деп айтылат маалыматта.
Биринчи айым муфтий Альбир Кргановду Кыргызстанга чакырды. Ошондой эле протоиерей Александр Ткаченко да чакыруу алды (Крганов менен Ткаченко Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын мүчөлөрү).
Жыйындын соңунда муфтий Кыргызстандын делегациясынын өкүлдөрүн келе жаткан аялдар майрамы менен куттуктап, Куран китептерин белекке тапшырды.