Айгүл Жапарова Москвадагы бир катар билим берүү мекемелерине барды. Сүрөт

Жапарова сапарынын алкагында Москвада билим алган кыргызстандык студенттер менен жолугушту.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Биринчи айым Айгүл Жапарова Москвадагы бир катар билим берүү мекемелерине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Биринчи айым Айгүл Жапарова Москвадагы бир катар билим берүү мекемелерине барды

2 / 4

Жапарова “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумуна катышты

3 / 4

Биринчи айым Россиянын Гнесиндер атындагы музыкалык академиясына жана Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайына (институт) барып, кыргызстандык студенттер менен баарлашты

4 / 4

Ал өз кайрылуусунда студенттердин Россиянын эң мыкты жогорку окуу жайларында сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи

Жапарова “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумуна катышты. Биринчи айым Россиянын Гнесиндер атындагы музыкалык академиясына жана Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайына (институт) барып, кыргызстандык студенттер менен баарлашты. Ал өз кайрылуусунда студенттердин Россиянын эң мыкты жогорку окуу жайларында сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
"Жаштар — коомдун ажырагыс бөлүгү катары ар дайым элдин жана мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү роль ойноп келген жана ойной берет", — деп белгилеген Жапарова.
Кыргызстандык студенттер белгилүү композицияларды, чакан театралдаштырылган оюн-зоок тартуулашты.
Андан ары Айгүл Жапарова мектеп окуучуларынын тамак-ашын уюштуруунун жүрүшү менен таанышуу максатында №1253 мектебине барды. Ага билим берүү мекемесинин тамак-аш блогуна жеткенге чейин азыктын өткөн ар бир этабы жөнүндө маалымат берилди.
Москвада Кыргызстан менен Россиянын аялдар форуму кандай өттү? Видео