БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Россия менен Украинадагы чатак аяктагандан кийин деле Батыш токтолуп калбайт. Бул туурасында америкалык ардагер Ноктис Дрейвендин айтканын РИА Новости жазды.
"Россия менен Украина чатагынын аягы көрүнбөйт. Батыш (Украинага - ред.) бекер жерден каржылап, жардам берген жок. Акылы жок киши эле Батыштын Украинанын жеңилгенине моюн сунат да, башка иштери менен алек болуп отуруп калат деп ойлошу мүмкүн. ... Андан ары кадам ташталат", — деп жазган ардагер пикирин социалдык тармактагы баракчасына.
Дрейвен буга чейин АКШ Россияны жаманатты кылып жана согушка аралаштырыш үчүн аталган өлкөгө жалган желектин алдында чабуул жасаарын билдирген. Ардагер колду куушуруп саясий дискуссия менен чектелип калбай АКШ жана башка мамлекеттерде жүрүп жаткан окуяларга жакшылап көз салууга чакырган.