63 жыл мурда СССРде космонавттардын биринчи отряды түптөлгөн. Тарыхый видео

3000 талапкердин ичинен бир жыл байкоо жүргүзүп отуруп 20 кишини алышкан.
Sputnik
Мындан 63 жыл мурда, дал ушул күнү СССРде космонавттардын биринчи отряды куралган. Бул 1960-жылдын 7-марты эле.
Аалам аралап, учам дегендерге катуу талап коюлган. 3000 талапкердин ичинен бир жыл байкоо жүргүзүп отуруп 20 кишини алышкан.
Биринчи отряддын курамына 12 учкуч кирип, кийин космосту ону багындырган. Аалам аралап, учам дегендерге катуу талап коюлган. 35 жаштан улуу эмес аскер учкучу болушу керек эле. Бою 175 см кем эмес, салмагы 75 кг ашык болбосун дешкен.
Биринчи космонавт Юрий Гагарин, экинчиси Герман Титов болду. Андриян Николаев биринчи топтогу космонавттардын курамы менен учат да, кийинчерээк биринчи аял-космонавт Валентина Терешкованын күйөөсү болуп калган.
Алексей Леонов биринчилерден болуп ачык космоско чыгат. Владимир Комаров космоско экинчи ирет учкандан кийин каза табат. Виктор Горбатко космосту үч ирет багындырат. Борис Волынов эки ирет учуп, бул тармакта башкалардан узагыраак жүргөн. Ал биринчи курамдагы отряддагылардын ичинен көзү бар жалгыз космонавт. Волыновдун космосто 30 жылдык стажы бар, ал быйыл өзүнүн 89-туулган күнүн белгилемекчи.
Тема боюнча:
Адам баласынын космоско учушу. 60 жыл мурунку легендарлуу видео