БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу кыз Валентина Шевченко UFC 285 турниринде жеңилип калгандан кийин социалдык тармакка биринчи постун жазды.
Эске салсак, кечээ UFC уюмунун жеңил салмактагы дивизион чемпиону Валентина Шевченко титулун сегизинчи ирет коргогону чыгып, мексикалык Алекса Гроссого жеңилип калган. Атаандашы оңой эмес экенин көрсөтүп, чемпион менен төртүнчү раундга чейин таймашкан. Акырында муунтуу ыкмасы менен утуп кеткен
“Колдооңор үчүн баарыңарга рахмат! Ар бириңерди баалайм! Жакшы да, муңайткан да ирмемдерде мени менен болгонуңар үчүн рахмат! Оор кырдаалдар күчтүүлөрдү жаратат. Кармаш искусствосу менен жашоом алды-кийин болуп көрбөгөндөй күчтүү болуп, тез арада реванш менен кайтып келем. Кармаш катаны кечирбейт. Үстөмдүк кылып баратып жеңилип калганда көңүлүң өзгөчө ооруйт. Эч кандай актануу болбойт, болгону жан териңди төккөн машыгуу гана керек. Баарын кайрадан баштаганга даярмын. Баарыңарды жакшы көрөм", — деп жазган ал.
Былтыр Шевченко чемпиондук курун коргогон беттештеринин саны (жети) боюнча аялдар арасында рекорд койгон. Акыркы ирет Сингапурда бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алган.