БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап төрөт үйү курулат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Бүгүн капсула салуу аземи болуп, ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров катышкан.
"Курулушка жеке ишкерлер 270 миллион сом акча бөлүп берди. Ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер аянты даярдалган, курулуш иштери ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасы жүргүзөт", — деп айтылат маалыматта.
Ушул жылдын аягына чейин төрөт үйү курулуп бүтөрү айтылды.
Ташиев бул иштин жүрүшүн тыкыр көзөмөлгө аларын баса белгилеген.