Валентина Шевченко Гроссо менен беттешкени үчүн канча гонорар алганы айтылды

Шевченко чемпиондук титулун сегизинчи ирет коргоо үчүн чыгып, бирок, тилекке каршы, утулуп калды. Мурда жети ирет жеңишке жетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко мексикалык Алекса Гроссодон жеңилип калганына карабастан 800 миң доллар тапты. Бул тууралуу россиялык Sport24 порталы жазды.
Басылма жекшемби күнү Лас-Вегаста (АКШ) өткөн UFC 285 турниринин катышуучулары канча гонорар алганын жарыялады.
Эң көп маянаны UFC уюмунун оор салмак боюнча чемпиондук куру үчүн беттешкен Жон Жонс алды. Ал франциялык Сирил Ганды жеңип, 7 миллион доллар алды. 3 миллион доллар кепилденген төлөм болсо, 4 миллиону бонус катары берилди.
Валентина Шевченко мексикалык Алекса Гроссого жеңилип калды. Бирок турнирге катышканы үчүн 800 миң доллар алды (500 миңи кепилденген төлөм, 300 миңи бонус катары берилди).
Шевченко чемпиондук титулун сегизинчи ирет коргоо үчүн чыгып, бирок, тилекке каршы, утулуп калды. Мурда жети ирет жеңишке жетишкен.
Жонс UFC уюмунун оор салмактагы жаңы чемпиону болду