Россия Кыргызстандан бараткан 17 тонна насвайды өткөрбөй, артка кайтарды

Көмүскө базарларда аныкталган товардын наркы 24,5 миллион сомго бааланат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Челябинск бажысы Россиянын аймагына Кыргызстандан ташып бараткан 17 тонна насвайды өткөрбөй койду. Бул тууралуу РФ Федералдык бажы кызматынан билдирди.
Жүк ташып бараткан фураны Бугристое автоунаа көзөмөл-өткөрүү пунктунан токтоткон. Анын чиркегичин текшергенде 500 мүшөк жашыл түстөгү зат аныкталган.
Документине ылайык, машина Кыргызстандан чыгып, Казакстан аркылуу Челябинскиге кирмек, документте күл жана тамеки сырьёлорун жүктөгөнү жазылган. Алуучунун айтымында, ал бакчасындагы өсүмдүктөр үчүн жер семирткичке буюртма берген.
Экспертиза жүргүзүлгөндө мүшөктөрдө насвай салынганы, анын баасы көмүскө базарда 25,5 миллион сом турары аныкталган.
Аталган жүктү бажычылар артка кайтарган.
Тажикстандан Кыргызстанга 9 кап насыбай алып келе жаткан жаран кармалды. Сүрөт