Бир катар район, шаардык милиция бөлүмдөрүнүн башчылары алмашты. Тизме

Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана аны алдын алууга багытталган тапшырмалар берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бир катар райондор менен шардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери ротацияланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жаңы дайындоолор:
Ош облусунун Араван РИИБдин начальниги Кенжебай Абдуллаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы болуп дайындалды;
Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчиси Нурланбек Бурканов Араван РИИБге которулду;
Нарын облусунун Жумгал РИИБинин начальниги Уланбек Коноев Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБине барды;
Ноокен РИИБинин начальниги Алтынбек Мусаев Жумгал РИИБдин башчылыгына дайындалды;
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБдин башчысы Медербек Муратов Талас ШИИБге ротацияланды;
Талас ШИИБдин начальниги Асрор Тантиев Базар-Коргон РИИБге барды;
Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана аны алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга багытталган чараларды көрүүгө тапшырма берилген. Тагыраагы, санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү милдеттендирилди.
Урмамбетов: ЖКККББ абийирсиз, таза эмес иштеген кызматкерлерден тазаланат