Кыргызстан пиязды сыртка чыгарууга коюлган чектөөнү алып салды

Мындан бир ай мурда экспортко тыюу салынган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Министрлер кабинети пиязды өлкө сыртына чыгарууга коюлган чектөөнү алып салды. Бул тууралуу тиешелүү токтом кабыл алынды.
Кыргызстанда пияз кымбаттап кеткендиктен 1-февралда экспортко үч айлык мөөнөткө тыюу салынган эле. Кийинчерээк Айыл чарба министрлиги тыюуну алып таштоону сунуштаган.
Эске салсак, Өзбекстан менен Пакистанда пияздын түшүмү начар болуп калгандыгына байланыштуу импортту күчөтүшкөн. Мындан улам Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан дефицитти алдын алып, бааларды кармап туруу үчүн пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салган. КР февралда киргизген чектөө апрелге чейин созулары айтылган.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, ай сайын ички керектөөгө 6 миң тонна кетсе, фермерлерде 50 миң тонна запас бар. Мыйзамдарга ылайык, эгер запас үч айлык керектөөнү жапса, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу камсыздалды деп эсептелет.
Мындан тышкары, апрелде жаңы түшүм жыйнала баштайт да, пияздын көлөмү керектөөдөн ашып кетиши мүмкүн. Мында фермерлер жабыркап калат. Пияз тез бузулуучу жашылчанын катарына кирет. Ал +10 градус температурада сакталат. Ал эми мартта аба ырайы +20га жетиши күтүлүүдө. Буга байланыштуу ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого коюлган чектөөнү алып салууну сунуштап жатат.
Радио
Министрлик дыйкандарга үч миң тонна дизель 65 сомдон сатыларын айтты