Баланын колунун кесилиши. Министрлик кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. – Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Токтогулдан алып келинип колунан ажыраган ымыркайдын окуясы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын кабарлады.
Бөбөктүн бул абалга кептелишине эмне себепкер болгону туурасында азырынча расмий маалымат айтыла элек.
"Саламаттык сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Бул маселе министрдин көзөмөлүндө. Кошумча маалымат берилет", — деди ведомстводон.
Эске салсак, социалдык тармактагы алдын ала маалыматтар боюнча баланын колу "дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ириңдеп кетип", кийин Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда ампутация жасалган. Бөбөктүн жабыркашына ийненин туура эмес сайылышы себеп болгону айтылууда.
Баланын өлүмү боюнча кармалган беш дарыгер үй камагына чыгарылды