Россиянын футзал боюнча командасын Бишкек кантип тосуп алды. Сүрөт

Оюндар "Газпром" ден соолукту чыңдоочу комплексинде өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча ассоциациясы Россиянын футзал боюнча улуттук жана жаштар курама командасын кантип тосуп алышканын көрсөттү.
Командалар Бишкекке кечээ келишкен. Аларга ак калпак белекке берилди. 5-мартта ушул баш кийимдин күнү белгиленип жаткан.
Эске салсак, Бишкекте жолдоштук беттеш өтөт. Бүгүн жана эртең саат 18:00дө эки өлкөнүн жаштар командасы, 21:00дө негизги курамалар таймашат.
Оюндар "Газпром" ден соолукту чыңдоочу комплексинде өтөт.
Кыргызстандын хоккей командасы 3-дивизиондогу дүйнө чемпиону болду. Видео